Өзгөчө кырдаалдар министри Бишкек-Ош трассасынын кооптуу аймагын атады

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 8-сентябрда Бишкек-Ош трассасында мунай ташуучу автоунаанын кулашынан кийин министрликтин тийиштүү бөлүмдөрүнө атайын тапшырмаларды берди. Боронов Бишкек-Ош жолунун кырсык көп катталган айрым аймактары боюнча атайын анализ жүргүзүп, тийиштүү министрликтер менен жергиликтүү бийликтерге кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүүнү сунуштоо тапшырмасын министрликтин Ыкчам башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиевге жана Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Мухамед Сваровго берди. 
Министр Бишкек-Ош жолунун 95-120-чакырымында (Жайыл районунун аймагында) 2010-2015-жылдарда болгон 11 жол кырсыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине катталганын айтты. “Өзгөчө кырдаалдар министрлигине куткаруучулар жардамга чыккан гана жол кырсыктары катталат. Бул тилкеде бизге катталбай калган кырсыктар мындан да көп. Мисалы, трассанын 95-чакырымынан 110-чакырымына чейинки аралыкта акыркы 5 жылда 4 жолу күйүүчү май ташуучу унаалар оодарылып кетти, мунун үчөөсү 95-96-чакырымда болгон. Демек, унаа жолдун аталган чакырымдарына атайын адистер барышып, тиешелүү чараларды көрүүсү зарыл",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beki035
2015-09-11 11:08:56
Билишет экен Элге жарыя кылбай эле оңдоп коюшпайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан