Ажылыктын шарттарын аткаруу үчүн зыяратчылардын акыркы тобу бүгүн, 11-сентябрда Бишкектен Сауд Арабиясынын Мекке шаарына жөнөп кетет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Ал эми буга чейин жөнөп кеткен 3200дөн ашуун зыяратчылардын Сауд Арабиясынын Медина шаарындагы зыяраты аяктап, толугу менен Меккеге кайтып келишип, ажылыктын шарттарын аткарышууда. Ажылыктын бардык жол-жоболору аяктаган соң 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекенине кайтып келишет.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз Республикасына 3685 квота бөлгөн.