Казакстанга кулчулукка сатылган Бактыгүл Кошонова консулдукка келди

Казакстанга кулчулукка сатылып кеткен Бактыгүл Кошонова 10-сентябрда Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын консулдугуна келди. Бул тууралуу 11-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин талаада мал багып жүргөн жеринен качып чыкканын, андан кийин куруучулардын тамак-ашын жасап берип, жашырынып жүргөнүн айткан. Алардан 30 миң теңге эмгек акы алып, консулдук айткан документтерди даярдап жатканын кошумчалаган. "Жараткан колдоп, мекениме жетип алсам экен. Куруучуларга тамак-аш бышырып иштедим, ал жерден 30 миң теңге беришти. Ошого консулдук айткан документтерди даярдап, сүрөткө түшүп, акчам азайып жатат. 10 миң теңгедей калды. Кыргыз жерине жетип алганга ушул акчам жетер бекен, балам жанымда жүрөт",- дейт Бактыгүл Кошонова.
Эске салсак, 27-августта Казакстандан 1982-жылы 20-апрелде туулган Кошонова Бактыгүл Абилбековна аттуу жаран ӨКМнын ыкчам нөөмөт бөлүмүнө байланышка чыгып, жардам сураган. Ал мындан 7 жыл мурун (буга чейин 8 жыл мурун деп айтылган) 2008-жылдын 25-июнунда 17 кишини белгисиз адамдар "Казакстандан жумуш таап беребиз" деп алдап, сатып жиберишкенин айткан. 

Ошол мезгилде Б.Кошонованын колунда 1 жаштагы баласы болгон. Бактыгүл Кошонова Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагына караштуу Ынтымак айылынан экенин, апасы каза болгонун жана үйүнөн качып кеткенин кошумчалаган. Маалыматтарды текшерүү үчүн Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери келиндин атасы Абилбек Кошонов менен иниси Калил Кошоновду издеп барып, алардын үйүнөн эч кимди таба алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tilek-x
2015-09-11 12:10:14
Биздин консулдук оз жаранына бир документ жасай алышпайбы Бекер,бечара ОЗУ кулчулуктан запкы жеп арандан зорго келсе ошонуеда акчасын алышып блиин биздин чондорду ХХХ ХХХ ХХХ...
+7
admin_portal
2015-09-11 12:42:21
tilek-x - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
jypar.i
2015-09-11 13:07:28
Туугандары кайда болду экен, өзү да үйүнөн жакшы жашоо издеп качып кетсе керек. Эми эптеп өз жерине кайтып келсе,үйүндө эч кимиси жок, кантээр экен
+2
Joni...
2015-09-11 15:04:31
Бизде эми кыргызда ушундай да озум олбосом болду калганы эмне болсо боло берсин деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан