Таалайбек Айдаралиев: "Айыл чарба өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга өстү"

"Айыл чарба өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга өстү". Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Спорт Ордосунда "АгроПродЭкспо-2015" 11-Эл аралык азык-түлүк жана айыл чарба өндүрүмдөрүнүн көргөзмө-жарманкесинин ачылышында КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, бардык тармактар боюнча түшүмдүүлүк жогору.

Быйыл күз берекелүү болуп, элибиздин маанайы жакшы. Эрте жазда болгон үшүк өрүктөргө гана зыян тийгизди. Ал эми андан башкасынын баары тең абдан жогорку деңгээлде түшүм берди.  

Бүгүнкү жарманкеге болсо айыл чарба өндүрүмүнүн кайра иштетилип чыгарылган биринчи бөлүгү чыгарылды. Бизде июлда оруп-жыйноо иштери бүттү. Азыр жашылча-жемиштердин түшүмүн жыйноо мезгили болуп жатат. Ошондуктан бүгүнкү жарманкеде катышуучулар аз. Эми жарманкенин негизги бөлүгү октябрь айында чоң иш-чара менен коштолот, ошондо катышуучулардын саны бир топ көп болот деген үмүтүбүз бар”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekos2012
2015-09-11 13:40:18
Кайдагы 10 пайыз, статистиканы да туура берсенер... Жылда министрлердин отчеттору 10дон пайызга өсуп отуруп, билбейм не дешимди. Быйыл эрте жаздагы үшүк өрүктү, жаңгакты, курманы, анарды, гиласты, анжирди жок кылды, дарбыз-коонго курт түшүп, түшүмдүүлүгү 50 пайызга аз болду, анан кайдагы өсүш...
0
Mongol1155
2015-09-11 14:32:35
Бугунку кундун жомоктору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан