Быйылкы жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан болжолдогу 30 миллиард 677,9 миллион сомдун ордуна 30 миллиард 772,4 миллион сом суммада салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, план 100,3 пайызды түзүп, 94,5 миллион сомго ашыгы менен аткарылды.
Өткөн жылдын 8 айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 миллиард 638 миллион сомго же 17,7 пайызга жогорулаган.