Бишкектин 5-кичи районунда балдар аянтчасы колдонууга берилди

Борбор калаанын 5-кичи районундагы №73-үйдүн короосунда балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы 10-сентябрда билдирди.

Балдар аянтчасынын ачылышына Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, МАБдардын башчылары жана жакынкы үйлөрдүн жашоочулары катышты. 

Аталган балдар аянтчасы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бөлгөн каражатка курулду. Пландалган 12 балдар аянтчасынын 10 аянтчасы курулуп, эксплуатацияга берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle
2015-09-11 18:16:34
Бул эч бир партияга тиешеси жокбу?
Атбашыда тошолгон асфальт, электр жарыктары СДПК биз жасап жатабыз дейт. Мамлекеттин бюджетинен жасалып жаткан болуш керек?
+2
Beki035
2015-09-11 21:38:01
Албетте СДКП биз курдук деп айтышат
+1
kanykey125
2015-09-12 15:50:07
Эми ушу кичинекей плошадканын ачылышы кылып уят.ушундай плошадкаларды мындай эле куруп берип коюшпайбы.аз аябай балдар ойноочу плошадкалар.
0
kutucsha
2015-09-13 21:33:35
kanykey125, ошону айтам да ))) мындай площадка биздин кочодо 4 кошунамдын эшигигин алдында бар оздору орнотушкан балдар учун , бирок эч кимиси ачылыш аземин кылган эмес )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан