Бишкек. Көлмө конушундагы мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүп, ээсине айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан Көлмө конушундагы Теңдик көчөсүндө тийиштүү документтери жок бойдон жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтип алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 11-сентябрда билдирди.
Мыйзамсыз кеңейтилген жерлердеги курулушту сүрдүрүү боюнча көрсөтмө аткарылбаганда материалдар Биринчи Май райондук сотуна жиберилген. Соттун токтому менен Теңдик көчөсүндөгү №5-үйдүн ээси Канат уулу Жыргалга 10 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле 3х7 чарчы метр аянттагы мыйзамсыз курулуш сүрдүрүлдү.
Ушул эле конуштун тургуну Н.Б.Абдивалиев да административдик жоопкерчиликке тартылып, 7х20 чарчы метр аянттагы мыйзамсыз курулуш сүрдүрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ago
2015-09-11 18:20:47
Азамат Кулматовдун эми козу ачыла баштады.
+1
kubat_1973
2015-09-12 09:34:34
Кандай эле жаны конуштагы бечараларга эле мыйзам иштеп кыргыйдай эле баса каласынар сурдуруп сурдурмок тугул айып пул салып.Ататурктогу эч мыйзамсыз мыйзамына тукуруп койбогондордун мышыгын "пыш"дей алабы бул бугунку мэр сорой.Айып салмак тугул светинин акчасын толото алышпайт алардын.
0
Lizazai
2015-09-13 20:40:37
Тиги парктагы байлардын уйу качан суздурулот болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан