Венгрияда 15-сентябрдан тартып качкындар жана чек ара жөнүндө жаңы мыйзамдар күчүнө кирет. Ага ылайык, чек арадан мыйзамсыз өтүү, чек ара тосмолоруна зыян келтирүү кылмыш катары каралат. Ошондой эле качкындарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө көмөктөшкөн аткезчилерге карата кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чек араны күч менен коргоонун варианттарын карап жатышат. Азыркы тапта чек ара полиция тарабынан гана көзөмөлгө алынып жатат.Качкындар Венгриянын полиция бөлүмүнө катталып, баш калкалоого уруксат берүү боюнча арыз калтырышы керек, бирок мигранттар бул өлкөдө калып калуудан коркуп өз алдынча чек арадан өтүшүүдө.
Өлкөдөгү мыйзамга ылайык, мамлекеттик чек араны аскерлер коргой алышпайт. Венгриядагы миграциялык абал курчугандан улам мыйзам чыгаруучулар аскерлерге да чек араны коргоо ыйгарымын берүүнү 22-сентябрда карап чыгышат.