Дем алыш күндөрү Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Киев, Тоголок Молдо, Сыдыков, Коёнкөзов, Токтогул көчөсүндөгү №138, 138-А, 140, 142-үйлөрүндө, Махатма Ганди, Түлөбердиев, Васильев, Көкчө-Тоо көчөлөрүндө электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Ал эми 13-сентябрда Ташкент, Жибек-Жолу, Жумабек, Турусбеков көчөлөрүндө жарык өчөт.