Меккедеги кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок

Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлү Умар Карыпов"Мекке шаарында болгон кырсыкта азырынча жапа чеккендердин арасында кыргыз өлкөсүнөн барган зыяратчылар жок. Учурда ар бир ажы башчынын тобундагы ажылар толукталып, такталууда. Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү таң атканча Кыргыз Республикасынан барган зыяратчыларды толуктап, ар бир ажы башчы менен тыгыз иштешти. Учурда дагы иш катуу жүрүүдө",- деди. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда өлкөдөгү Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
11-сентябрь күнү Сауд Арабиясынын Мекке шаарында нөшөрлөп жамгыр жаап, суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Жолдорду суу каптап, сел жүрүү коркунучу пайда болгон. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындай окуя сейрек кездешет. Катуу шамалдан улам зым карагайлар жана Каабанын айланасындагы курулуш краны кулап кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, "Аль-Харам" мечитине курулуштагы крандын кулашынан каза тапкандардын саны 107ге, ал эми жаракат алгандардын саны 238ге жетти. Набыт болгондор жана жаракат алгандар кырсык учурунда зыярат кылып жатышкан. Алардын көпчүлүгү ажылык сапарга келгендер. 
"Аль-Харам" мечити дүйнөдөгү ири мечиттердин бири болуп саналат. Сауд Арабия бийлиги ал жерде оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aravan
2015-09-12 11:58:45
кудай сактай кор
0
Aza96
2015-09-12 12:34:27
Жайлары жаннаттан болсун . бактылуу инсандар экен меккеде козун отсо беймшке кирет дешет.
+1
bazar
2015-09-12 14:28:17
Aza96,жомоко ишенип жүрө бер
+1
aziz2012
2015-09-12 18:33:26
bazar,ээ бул жомок эмес
-1
Kunnur
2015-09-12 19:54:30
bazar,жомокту китептен окушун мумкун.Аллахтын окумунон эч качан качып кутула албайсын.кимдир биро сууда олуп атат кимдир бироо чолдо олуп атат.Ак кепинге оронбой комулбой калганы канча.чыныгы мусулман бул дуйнодон козу откондо ак кепинге оролуп комулушун тиленет.
0
jigit.85
2015-09-13 10:40:12
bazar,сен жараткандын өкүмүн жана курандагы чындыктарга шек келтипип жатасын,сен айткан жомокту чон эненден угасын,сүйлөөр алдында кичине мээни иштетип сүйлөш керекда тууган,жр сен мусулман эмессинби?!
0
bosmos777
2015-09-12 13:16:47
Жараткан сактасын! Баары аман эсен барып келишсин!
+2
marmiladka9
2015-09-12 15:10:36
шугур дейли
+1
Speznaz41
2015-09-13 21:28:34
Bazar, тенирчи окшойт, ага башынарды оорутпагыла, тенирчилер шонодой озу...)))

Соонун олум болду баарына, чыныгы"Шахид мубарак-Шейит ку болсун" деген ушулда мааша АЛЛААХ. Эн таза, нурдуу жана ыйык жерде коз жумуу, баарыбызга насип этсин иншаа АЛЛААХ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан