Бүгүн, 12-сентябрда борбор калаадагы Улуттук китепкананын айланасында ишембилик өткөрүлдү. Отургучтар сырдалып, чөптөр тегизделди.
Иш-чарага шаар мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрлер Бакыт Дүйшөмбиев менен Айгүл Рыскулова, мэрия аппаратынын кызматкерлери, китепкананын кызматкерлери, "Тазалык" жана "Жашылдандыруу" ишканасынын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.