Баткенде кыргыз-тажик чек ара аймагындагы Кулунду - Максат жолунда эки тарап бирдей колдоно турган 2 көпүрө курулуп, ишке берилди. Анын ачылышына вице-премьер-министр
Абдырахман Маматалиев катышканын өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Аталган 2 көпүрө Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын каржылоосу менен курулду. Бир көпүрөнүн узундугу
36 метр болсо, экинчи көпүрөнүн узундугу 18 метр. Бул көпүрөлөр Тажик Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа кыймылын камсыз кылуу максатын көздөйт. Андан кийин Маматалиев Кулунду - Максат унаа жолунун курулушу менен таанышып чыкты.