Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов 74 жаш курагында көз жумду

Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу, көрүнүктүү прозаик жана драматург Казат Акматов 74 жаш курагында көз жумду. SUPER.KG порталына мындай маалыматты бүгүн, 14-сентябрда Жазуучулар союзунан кабарлашты. 
Казат Акматов 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Боз-Тери айылында төрөлгөн. Анын калемине таандык “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Архат” романдары, “Ажырашуу түнү” пьесасы калың элге белгилүү. Ал өзүн прозаик, сценарист, драматург катары гана көрсөтпөстөн, акыркы жылдары тамсилчи катары да өзүн сынаган жайы бар. 
SUPER.KG порталы жазуучунун жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rashinboy
2015-09-14 10:17:48
Арты кайрылуу болсун, жаткан жериниз жайлуу болсун, Аллах бейиштен орун берсин.
+2
bekos2012
2015-09-14 10:22:47
Жаткан жериниз жайлуу болсун...
+3
mugalim_bala
2015-09-14 10:30:13
Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун
+2
ishikylsa
2015-09-14 11:12:42
Жактан жери жайлуу болсун...
+2
basyz-kaman.
2015-09-14 11:19:06
Жаткан жериңиз жайлуу болсун агай, сиздин чыгармаларыңыз түбөлүкө жашай берет!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан