Өзбек чек арачылары кыргыз тарапка 15 жылкыны кайтарып беришти

Жалал-Абад облусунун Бел-Согот айылында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургундары кыргыз-өзбек чек арасынан өтүп кеткен 15 жылкыны кайтарып берүү суранычы менен жергиликтүү Чек ара бөлүмүнө кайрылышкан. Бул маселе боюнча аталган жолугушуу уюштурулуп, жыйынтыгында өзбек тарап кыргыз тарапка жылкыларды кайтарып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
akdobo
2015-09-14 11:26:15
Бул корунуш биринчи жолу эмес карапайым калктын канчалаган кара мал жылкылары тагалардын короосунда ээсине кайтарылбай журот.Мамлекет ушулга окшогон копунушторго каттуу богот койбосо болбойт.
0
Arslanbek
2015-09-14 11:45:50
Биринчи жолу кайтарып беришиптирда аа
0
Asan_aksy
2015-09-14 11:57:46
Аксыда кайтарып бербей калдыго биздин канча деген малдарды уурдаптып жибердик Каравандын Тегерек деген жеринен 2010жылы уурдап кеттиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан