"Бишкек – "Манас" жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкектен "Манас" аэропортуна кетчү унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев маалымат жыйынында билдирди. Министр оңдоп-түзөө иштери бир нече күндөн кийин баштала турганын айтты.  
"Унаа жолунун 23 чакырымы 2016-жылдын 1-сентябрына чейин оңдолот. Мындан тышкары Бишкек - Кара-Балта жолунун 52 чакырымынын капиталдык курулуш иштери ушул жылдын аягында башталат. Жол төрт тараптуу болот деп пландалган, анткени бул жерде унаалар көп өткөндүктөн, тыгындар пайда болууда. 
Ошондой эле Көк-Жар - Кой-Таш унаа жолу план боюнча эртең ишке берилет. Быйылкы жылдын 25-июнунда капиталдык ремонту башталган жолдун 12,7 чакырымы оңдолду. Оңдоп-түзөө иштерине 108 миллион сом бөлүнгөн",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан