Укук коргоочу: “Шаардыктардын лифтке, короо жарыгына, сууга, түтүктөргө төлөгөн акчалары чиновниктердин чөнтөктөрүнө кетүүдө”

“Шаардыктардын лифтке, короо жарыгына, сууга, түтүктөргө төлөгөн акчалары чиновниктердин чөнтөктөрүнө кетүүдө”. Мындай пикирин бүгүн, маалымат жыйындын жүрүшүндө укук коргоочу, журналист Олег Северин билдирди. Анын айтымында, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдө лифттердин иштебей турушу, короолордо жарыктын жоктугу мунун баарына далил.

Мисалы, 2 айдан бери Курулушчулар шаарчасынын 15-үйүнүн жашоочулары 9 кабаттуу үйдүн лифти иштебегендиктен, тепкич аркылуу кирип-чыкканга мажбур болушту. Ал үйгө мен жаңы көчүп барып, бул маселе мыйзамсыз экенин билип, Бишкек шаардык лифт башкармалыгына кайрылдым. Алардын кеңсеси 5-Чыгыш кичи районунда экен. Тамеки жана ичимдик жыттанган бөлмөгө кирдим, маселенин чоо-жайын түшүндүрсөм, буга тиешелүү кызматкер "мен эс алуудамын, башчыга баргыла" деп айдап салды. Чоңуна кирип “Биз ай сайын лифт үчүн 65-100 сомдон акча төлөйбүз, ошол каражатка аны оңдоп бербей, кайра элден акча чогулталы деп жатыпсыңар. Мен бул боюнча маалымат жыйын өткөрөм, Каржы полициясына кайрылам” дегенден кийин бүгүн лифтибизди 15 мүнөттө оңдоп, ишке беришиптир. Буга чейин алар “моторун алмаштырыш керек экен, жумуш өтө кыйын жана көп каражатты талап кылат” деп жатышкан эле. Биздин оюбузча, жашоочулардан калп эле акча чогултуунун айласы болчу”,- дейт Северин. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
SHATY
2015-09-14 14:47:04
Красавчик!
+3
karona
2015-09-14 17:36:42
Чыныгы патриот деп ушуну айтыш керек! Молодец!
+1
KyrgyzKagan
2015-09-14 20:39:44
Туура ар бир жаран ушинтип озунун укугун коргоп мамлекеттен талап кылганда Кыргызстан онугуп элдин жашоосу онолот. Тилекке каршы копчулук адамдар кайдыгер же сабатсыздыктанбы озунун укугун билишпейт. Тигилер ошол мумкунчулуктон пайдаланышат.
+1
KyrgyzKagan
2015-09-14 20:47:21
Менде да ушундай окуя болгон айылда свет текшерген электриктер келип Апамдарга эсептегичинерди алмаштыргыла же бизде бар 900сомдон дегенде мен чыгып силер бекер коюшунар керек болбосо эскини эле коюп койгула же эртен силерди сотко берем деп урушкам, уйдогулор кой эми берип эле коёлу акчасын дейт. Жок деп атып эртеси куну жаны эсептегич бекер коюп кетишкен. Алар ошентип мамлекеттин акчасына келген эсептегичтерди кайра элге акчага сатып чонтокторуно кымырышат.
+1
bah_tee
2015-09-15 15:26:34
Эркек экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан