23-24-февралда АКШнын Нью-Йорк шаарында кыргыз ырлары боюнча сынак болуп өттү. Бул тууралуу кыргызстандыктардын Эл аралык "Kyrgyz Club" бирикмесинин басма сөз кызматы билдирди. Сынактын катышуучулары, тактап айтканда, АКШдагы кыргыз атуулдары караоке-клубдардын биринде кыргыз ырларын аткаруу боюнча жарышты. 7 адам катышкан бул сынакта Айдай Абдыразакова жана Мирбек Өмүрканов жеңүүчү аталышты. Жеңүүчүлөргө 200 доллар акчалай сыйлык берилди. Айта кетсек, сынакты аталган бирикме уюштурган.
Сүрөттө:
1. Мирбек Өмүрканов
2. Айдай Абдыразакова
3. Калыстар тобу