"Бишкектеги унаа жолдорунун жалпы узундугу 1475 чакырым болсо, 203 чакырымдын гана абалы канааттандырарлык. Калгандары капиталдык оңдоп-түзөөгө жана курулуш иштерине муктаж". Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн, 14-сентябрда өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Кулматов шаардын көчөлөрүн 2017-жылга чейин оңдоого 300 миллион долларга жакын каражат каралганын айтты.
“Борбордук жолдорду оңдоп-түзөө иштери республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана гранттын эсебинен ишке ашып келет. Кытай өкмөтүнөн алынган 30 миллион долларлык грантка М.Ганди, Ж.Пудовкин жана М.Ауэзов көчөлөрүн оңдодук, жакында ишке бергени жатабыз. Учурда жөө жүрүүчүлөр үчүн жол салынып жана жарыктар орнотулуп жатат”,- дейт Кулматов.