Президент Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, бүгүн каза болгон Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти. 
Казат Акматов бүгүн эртең менен 74 жашында каза болду. Ал 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Боз-Тери айылында төрөлгөн. Анын калемине таандык “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Архат” романдары, “Ажырашуу түнү” пьесасы калың элге белгилүү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан