КРнын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьялары үчүн "Жарандык иштерди талкуулоонун усулу" деген аталышта семинар өтүүдө. 13-сентябрда башталган бул семинар 15-сентябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору жана Германиянын эл аралык кызматташтык коомдук уюмдарынын биринин программасы менен биргеликте уюштурулду. Семинар Ысык-Кɵлдө өтүп, анын ишине Кыргыз Республикасынын 22 судьясы катышууда.