Быйыл Бишкек шаарында 78 көчөдөгү жолдордун тешиктерин оңдоо иштери каралган. Бул боюнча маалыматты бүгүн, 14-сентябрда журналисттерге шаар мэри Кубанычбек Кулматов айтты. Анын билдиришинче, бул аракеттерди ишке ашырууга республикалык бюджеттен 55 миллион сом бөлүнгөн.
“Учурда бул 78 көчөдө биринчи баскычтагы авариялык тешиктер жамалды. Ал эми экинчи баскычында майда аңдарды жана жаракаларды сентябрь, октябрь айларында бүтөө керек. Жумшалчу каражаттын баары которулуп берилди”,- деди мэр.