Бишкекте доллардын сатылышы 69 сом 50 тыйынга чыкты

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте 1 доллардын сатылышы 70 сомго жакындады. Айрым акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 69 сомдун тегерегинде сатып алып, кайра 69 сом 50 тыйындан сатышууда. Бүгүн эртең менен эле 1 долларды 68 сом 90 тыйындан сатып жатышкан. Ал эми 11-сентябрь күнү кечинде долларды 67 сом 70 тыйындан сатып алып, 68 сом 40 тыйындан сатып жатышкан эле. 
Орус акчасынын курсу да кымбаттап, 1 рублду 1 сомдон сатып алып, 1 сом 3 тыйындан сатышууда. 

Буга Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болууда. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан