Бүгүн, 14-сентябрда Чаткал районундагы Чандалаш айылынын тургундары бул аймактагы кен казып жаткан түштүк кореялык ишкананын алдына боз үй тигип, митингге чыгышты. Ал ишкана аталган айыл менен
Жаңы-Базар кыштагын бириктирген көпүрө салып бермекчи болуп, бирок ал убадасын аткарбай келген. Элдин нааразычылыгынан кийин ишкана кен казууну токтотуп, элдин убадасын аткарууга макулдук бергенин аталган айылдын тургуну
Жамалбек Айталиев SUPER.KG'ге билдирди.
"Бул айылда азыркы алтын казган ишканага чейин башка ишкана иш жүргүзүп келип, көпүрө салып жаткан. Бирок алтын казууну азыр иштеп жаткан ишкерлер улантышып, көпүрө токтоп калган. Ошондой эле дагы бир көпүрө салып беришмек, анысы баштала элек болчу. Бүгүн түшкө маал айыл тургундары нааразычылык билдирип чыгышып, убаданы аткаруу талабын коюшту. Ишкана өз ишин бүгүн токтотуп, көпүрөлөрдү куруп бермекчи болду",- деди Айталиев.