Бүгүн, 15-сентябрга карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу дагы кымбаттады. Учурда 1 долларды 69 сом 50 тыйындан сатып алып, 70 сомдон сатып жатышат. Доллардын сатылышы 14-сентябрдагы баага салыштырмалуу 1 сомго кымбаттады. Еврону болсо 77 сом 70 тыйындан сатып алып, 78 сомдон сатып жатышса, орус акчасын 1 сом 2 тыйындан сатып алып, 1 сом 5 тыйындан сатышууда.