5-март күнү Бишкек шаарындагы Орусиянын билим жана маданият борборунда “Жаз. Аял. Сүйүү” аттуу сүрөт көргөзмө болот. Маалым болгондой, бул иш-чара 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулууда. Көргөзмөгө аялдардын жашоодогу образын чагылдырган 70тей сүрөт коюлат. Көргөзмө 10-мартка чейин уланмакчы.