Кыргыз Эл артисти
Эрмек Мойдунов каза болду. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге 18-сентябрда анын жакындары кабарлашты.
Маалым болгондой, Э.Мойдунов 17-сентябрь күнү жүрөк оорусунан көз жумган. Аны менен коштошуу зыйнаты 19-сентябрда
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.Э.Мойдунов 1944-жылы Ош облусундагы Жапалак айылында төрөлгөн. Эл артисти 1967-жылы "Эне жөнүндө баллада", 1969-жылы "Сары-Челек", 1973-жылы "Күйдүм чок" аттуу ырлары менен таанымал болгон.
SUPER.KG порталы маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.