21-сентябрдан 30-октябрга чейин Боомдо таштарды кулатуу иштери жүрүп, унаа жолу маал-маалы менен жабылат

Поезд жана автоунаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 21-сентябрдан 30-октябрга чейин Бишкек-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 119-чакырымынан 132-чакырымына чейин таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан 21-сентябрдан 30-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы тарабынан саат 10:00дөн 15:00гө чейин унаа жолу жабылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bema.9696
2015-09-18 12:56:12
Ошондо ош-бишкек жолу ачык эле болобу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан