
* Мындан 88 жыл мурун, 1927-жылы саясатчы жана коомдук ишмер
Султан Ибраимов Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Фрунзедеги Гидромелиоративдик техникумду, Ташкенттеги Ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтун бүтүргөн. Чүй сугат тармагы башкармалыгында гидротехник, Кыргыз ССР ИАсынын Суу чарбасы жана энергетика институтунун кенже илимий кызматкери, Кыргызстан КП БКнын илим, жогорку окуу жайлар жана мектептер бөлүмүнүн инструктору, Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы, Кыргыз ССРинин Мелиорация жана суу чарба министри, Кыргызстан КП БК катчысы, Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. СССР Жогорку, Кыргыз ССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
1980-жылы каргашалуу окуянын кесепетинен 53 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы өлкөбүзгө кирген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары менен өкмөттүк аскерлер ортосунда Сырт жана Газ аймагында айыгышкан согуш жүргөн. Согушчандар
айыл-кыштактарды талашып, бейкам калкты тоноп кирген. Мындан улам Баткенден качкандардын саны 5000 адамга чамалаган.

* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы советтик коомдук ишмер, Михаил Горбачёвдун өмүрлүк жары
Раиса Горбачёва Германиянын клиникаларынын биринде таңкы саат 3тө, 67 жашында лейкемия оорусунан каза болгон.
Баарынан кызыгы, ал лейкемия менен ооруган наристелерге дайыма жардам берип келген.
Раиса Титаренко алтайлык темир жолчунун үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, ММУнун философия факультетине тапшырган. 1953-жылы Михаил Горбачёв менен Раиса Титаренко баш кошушкан.

* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы Түндүк Осетиянын Кармадон капчыгайында Колка мөңгүсү көчүп, орусиялык “Связной” тасмасын тартып жүргөн 19 кишиден турган топ, анын ичинде белгилүү актёр жана режиссёр
Сергей Бодров мөңгү астында калган. Алардын сөөгүн Коопсуздук кызматында иштегендер күнү-түнү издешсе да, кырсык болгон жерден эч кимиси табылган эмес. Апасы Валентина Бодрова туугандарынын каршы чыкканына карабай Коопсуздук кызматында иштегендер менен чогуу Кавказга барган. 17 адамдын сөөгү табылып, анын ичинен Бодровдуку кездешкен эмес. Уулунун сөөгү табылбаганына деми суубай, жүрөгү ооруган эне эки жумадан ашык жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Арадан 6 жыл өтүп, "Сергей Бодровдун сөөгү табылды" деген маалыматка көпчүлүк кулагын түргөн. 30-35 жаштагы адамдын сөөгүн чогултушуп, экспертизадан өткөргөн адистер табылган сөөктөр Сергей Бодровго таандык же аныкы эместигин так айтуудан алыс болушкан. Ушул күнгө чейин табылган сөөк Бодровдуку же башканыкы экени так аныкталбай келет.