Ошто эшектер багылган жай тууралуу ЭЛДИК КАБАР боюнча милиция тергөө жүргүзүп, ал жерден 50дөн ашуун эшекти тапты

Ош шаарынын Манас-Ата (ХБК) кичи районунда жайгашкан мурдагы комбинаттын короосунда 50дөн ашуун эшек багылып жататБул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG порталына шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош ШИИБинин кызматкерлери "ЭЛДИК КАБАРга" түшкөн маалымат боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. "Алдын ала маалыматтарга ылайык, эшектер багылган ишкана Кытай жаранына таандык экен. Ал "эшектерди бул жерде сойбойбуз, чет жерге экспорттойбуз" деп айтууда. Учурда текшерүү улантылып жатат. Анын жыйынтыгында расмий маалымат жарыяланат",- дешти Ош ШИИБинен.
Айта кетсек, кечээ, 21-сентябрда окурман эшектер багылган жайды таап, эшек эти тамак-ашка колдонулушу мүмкүн деп тынчсызданганын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
expert.007
2015-09-22 13:52:16
Азамат. Смартфон менен кошо сыйлык да ыйгарыш керек. Ким билет мумкун коптогон адамдарды эшектин этинен сактап калгандыр.
+8
Kanatbek.amirov
2015-09-22 14:08:25
Кытайда эшек багатурган жер жок экенби биздин бийликтин шалтактыгы пус кытайыга барып багып союп экиспорт кыла берсин
0
Zara_KARA-KULJA
2015-09-22 14:44:14
Олуп эле калбайлыбы эшек сойгон эл атка конбой.
0
Araika
2015-09-22 15:14:28
тууура ушул кабардын ээси утат го буйруса
+2
mikinookat
2015-09-22 15:19:37
Бакиевдер дегендей ,,,, кытайларга оттукпу эми,,,
-1
kilim
2015-09-22 15:27:17
кытайларды ото кылдат текшеруу керекго булар баары жокту жкдирет ато кыргыздар озубузду озубуз карайлы
0
Sake80
2015-09-22 15:33:13
Муну деле жаап коюшат биздин эшек минерлер.Милиция жакшы сурайын дегенде бир депутаты же министири чалат да кое берип кой деп.Кытайлардын крышасы чондор да
0
Mars55
2015-09-22 15:53:23
соз жок не деримди билбей калдым
0
bema_bema
2015-09-22 18:28:41
Чындап эле смартфонду утатурган кабар экен.Жиркеничтуу эшекин эти,кытайларга шылтоолобой жок кылгылачы эшектерди.Кытайларды депортация кылыш керек.Биз корбогондон кийин билбейбизда,тамак ашка,самсаларга кошулса кошулуп жаткандыр.
+3
Kunbeken
2015-09-22 18:28:44
Баккандарга катуу чара коруу керек...
+1
girlzat
2015-09-22 18:42:38
Быйыл эшектер аябай хит болдуго байкуштар)
0
alina79
2015-09-22 19:23:40
Мен кытайларды Кара Суунун базарында эле иштейт десем,эшек да багышат бекен?Эмне учун кытайларды тайрандатып коё беришкен?Ошончо чон ХБКнын территориясына адам тугонуп калгансып,кытайдын жараны "ээлик"кылат бекен? Очень интересно!Аларды депортация кылыш керек.Озу чын эле Ош менен Кара Сууну кытайлар басып кете турган болду.Буларды туп тамыры менен жоготуш керек бул менин оюм.силердикичи ыя?
+3
Bekchoro
2015-09-22 19:39:51
Бир кытайды кармап келип акча берем мени куткар эшектер меники деп айт деп айттыргандыр.
0
Arlenchik
2015-09-22 20:41:27
Бизде мыйзамдын алсыздыгынын кесепети,мыйзам карапайым адамдаргале иштейт,баягыда эшек бизнеси мн алектенгендер кармалганда катуу жазасын беришсе булар минтип багышпайт эле ким билет эмне кылып атышканын,мурдагылар болсо кекиртектерине бирдеме сугунтуп койушту ошону мн ал ишти да жаап койушту.
0
rafo80
2015-09-22 20:55:52
Урматтуу админ, ушул иштин жыйынтыгын жазып коюшунуздарды суранам
+2
admin_portal
2015-09-23 11:02:03
rafo80, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан