Ош. Шайлоо алдында жана шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоо үчүн 2 миңден ашык ыктыярчы тартылат

Ош облусунда парламенттик шайлоого карата даярдык маалында жана шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча иштер жүрүп жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, бул күндөрү аталган башкармалыктын кызматкерлери жана калк ичинен өз ыктыяры менен милицияга көмөктөшүүнү каалагандар тартылат. 

21-сентябрда Ош ОИИБине 700 ыктыярчы келди. Аларга жетекчилик тарабынан инструктаж өтүлүп, милицияга жардам бере турчу жарандарга алардын укуктары, жоопкерчиликтери жана милдеттери тууралуу айтылды. Ошондой эле жетекчилик калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө маданияттуу болууга жана сылык сүйлөшүүгө чакырды. 

Жалпысынан шайлоого карата облус боюнча 2085 ыктыярчы тартылат. Алар милиция кызматкерлери менен биргеликте көчөлөрдө жана коомдук жайларда күзөттө турушат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-09-23 20:11:35
Менин жеке оюм; Биздин "Ыктыярчылардын" шайлоо учурундагы озун-озу алып журуусу Кыргызстандын атуулдук парызын адал отоочу инсан катары болуусу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан