Биз социалдык тармакта

Сауд Арабиясына ажылыкка кеткен зыяратчылар кайтып келишүүдө

Сауд Арабиясына ажылыкка кеткен зыяратчылар кайтып келишүүдө. Чүй өрөөнүнөн жана Бишкек шаарынан Сауд Арабиясына ажылыктын шарттарын аткаруу үчүн жөнөп кетишкен зыяратчылар 30-сентябрда Жидда-Бишкек багыты боюнча мекенибизге кайтып келишкенин муфтияттан билдиришти. "Учурда зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Ар бир топ өздөрүнүн каттамдарын күтүшүүдө",- деп жеринде билдирген штаб мүчөсү Умар Карыпов.
Ош шаарынан кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу 29-сентябрда саат 3:20да учуп келди. "Ош шаарынан 25-августта алгачкылардан болуп учуп кеткен 200 зыяратчы сак-саламат, тынч, толук ажылык ибадаттарын аткарып, өз мекенине келди",- дешти шаардык казыяттын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсекажылыкта жүргөндөр 15-октябрга чейин кайтып келишет. Ушул аралыкта күн сайын бирден топ учуп келип турат. 
Сауд Арабиясына быйыл ажылык милдетин аткарууга Кыргыз Республикасынан 4 миңден ашуун жаран барган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Birimdik5555
2015-10-01 12:17:15
Аажылыктары кабыл болсун
0
88inara88
2015-10-02 03:46:00
Аллах кабыл кылган болсун сапарынарды,куноолорунорду кечирсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан