Ырчы Каныкей 9-мартта АКШда өтүүчү түрк тилдүү элдердин "Түрксой" фестивалына катышат. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди. Бул фестиваль 21-март - Нооруз майрамынын урматына уюштурулуп жатканы айтылды. “13-мартта Нью-Йорк шаарындагы "Bowling Green" сейил багына кыргыздын желегин орнотуу иш-чарасына катышууга "Kyrgyz Club" бирикмесинен чакыруу алдым. Ал иш-чарада Кыргызстандын мамлекеттик гимнин аткарам. Андан соң 16-мартта Вашингтон шаарында өткөн "Түрксой" фестивалынын экинчи бөлүгүнө катышам”,- деди ырчы айым. Ошондой эле ырчы 21-мартта Москва шаарында өтүүчү Атай Өмүрзаковдун жеке концертине да катышат.