Нарын. Нарын шаарында Мамлекеттик желек жана Ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн, 5-мартта Нарын шаарында Мамлекеттик желек күнү жана Ак калпак күнү белгиленди. Иш-чарага студенттер жана мектеп окуучулары катышып, ак калпакчан жаштар өлкө желектерди көтөрүшүп шаардын борбордук аянтында жүрүш жасашты. Ошондой эле аянтта чакан жыйын болуп, ага шаар мэри Баатырбек Жээналиев, Нарын облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Бакыт Субакожоев, шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев катышып, майрамдык куттуктоолорун айтышты. Айта кетсек, бул иш-чара шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду. Ошондой эле концерттик программа да орун алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан