Бүгүн, 5-мартта борбор шаардагы И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту Ак калпак күнүнө карата майрамдык кече уюштурду. Кечеге "Кыргыз тили" коомунун президенти Райымжан Курбанов, институттун окутуучулары жана студенттер катышты. Институттун окутуучусу Назгүл Масалиева уюштурган майрамдык иш-чара сынак иретинде өтүп, студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле калпак баш кийиминин келип чыгуу тарыхы жана түрлөрү боюнча маалымат берилди. Иш-чаранын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн институттун директору Айгүл Дүйшембиева кыргыз жигиттери ак калпакты башынан түшүрбөй кийип, аялзатына тирек болуп жүрүүсүнө тилектеш экендигин айтты. “Жалпыңыздарды 5-март - Ак калпак күнү менен куттуктайм! Кыргыздын улуттук кийимдери жоголуп кетпеши үчүн ар шаршембиде институт окутуучулары жана студенттер улуттук кийим кийип келсеңер жакшы болмок”,- деди ал.