Учурда өлкөдөгү саясий, коомдук абал туруктуу, ызы-чуу чыгаргандар жок

Учурда өлкөдө саясий жана коомдук абал туруктуу, ызы-чуу чыгаргандар жок. Бул тууралуу SUPER.KG`ге 5-октябрда 102 кызматынан кабарлашты. Алардын айтымдарында, шайлоо жыйынтыгы боюнча нааразычылык билдирип көчөгө чыккандар катталган жок. "Саат 1:23кө чейин шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай ызы-чуу тууралуу маалыматтар түшкөн жок, саясий, коомдук абал туруктуу",- дешти 102 кызматынан. 
Айта кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, 7 пайыздык жана аймактык 0,7 пайыздык босогодон 6 партия ашкан. 
Алдын ала жыйынтык мындай: 
КСДП - 27,47 пайыз 
"Республика - Ата Журт" - 20,15 пайыз 
"Кыргызстан" - 12,79 пайыз 
“Өнүгүү-Прогресс” - 9,29 пайыз 
"Бир бол" - 8,43 пайыз 
"Ата Мекен" - 7,75 пайыз 
"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" - 6,14 пайыз 
“Замандаш” - 2,77 пайыз 
"Улуу Кыргызстан" - 1,5 пайыз 
"Ар-намыс" - 0,8 пайыз 
"Мекен ынтымагы" - 0,79 пайыз 
"Кыргызстан элдеринин конгресси" - 0,6 пайыз 
"Аалам" - 0,4 пайыз 
"Азаттык" - 0,34 пайыз 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sezim.A
2015-10-05 05:59:42
Таза шайлоо болбоду ,мен да ойлогом КСДП отсо керек деп,себеби азыр элдин баары кун карамага окшоп келатабыз.Бийлик азыр КСДП тарапта эмеспи,бюджеттегилер баардыгы ушул партияга добушун беришти го.Асмандагы айды алып беребиз дешти го чиркин,элдин оюна да келген жок Ай жок бул ааламды карангылык каптаарын.Саясатта сасый беришсин эми карапайым элди кошпой.Тынччылык эле болсунчу жеримде,элимде!!!
0
EdikoKG
2015-10-05 07:29:28
КСДП копчулугун кысып,жарга такап дегендей кылып,эптеп отту. Эми,берген убадаларын коро жатаарбыз.
0
Adiletgo
2015-10-05 07:33:21
СДПКны Озбектер колдойт экенда окунучтуу!
0
Take_men
2015-10-05 09:20:41
Мурунтан бери бийликтин партиясы женип келген. Акаев Бакиев. Тан калбай эле койсо болот. Эн негизгиси тынч отсо болду. Эл озун озу багып алат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан