Ырчы Гүлжигит Сатыбековдун “Мен сенден кетейинчи” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү жана обону ырчынын өзүнө таандык. Ар бир чыгармасы чыныгы жашоодон алынарын айткан ырчы жаңы ыры тууралуу мындай дейт: “Бул чыгарма бир жаш үй-бүлөнү көрүп, андан соң жаралган. Ырдын келечеги бар деп ойлойм”.