Ырчы Нурмат Садыров “Мен сүйгөн менен пайда жок” аттуу жаңы ыр жаздырды. Ырдын сөзү ырчынын өзүнө жана Руслан Нарынбаевге, обону Руслан Нарынбаевге таандык. “Бул ыр аркылуу бир кызды сүйүп турсаң, ал сени жактырбаса пайда жок экендигин айткым келген. Менде деле ушундай учурлар болуп калат”,- дейт ырчы. Анын айтымында, бул чыгармага 6-марттан баштап клип тартыла баштайт.