"Гимнди ар бир кыргызстандык жаран атуулдук милдет катары ырдашы керек". Бул сөздү бүгүн, 5-мартта ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов айтты. Ал эми депутат Кожобек Рыспаев гимнди ырдоо учурунда колду көкүрөккө коюп ырдоону жокко чыгарууну сунуштады. Бекматов гимн мамлекеттин негизги символу болгондуктан, оң колду жүрөгүнө коюп ырдоо эрежеси жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында киргизилгенин билдирди. “Колду жүрөккө коюп ырдоо чын дилден, мамлекеттин атуулу катары мекенге берилүүнү түшүндүрөт. Бирок аны аткарууда жарандарды "колун жүрөк тушуна койбой койду" деп жазалоо мүмкүн эмес”,- деди эл өкүлү.