3 жана 4 жашар балдарын Ош шаарындагы бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калган Алтынай айым байланышка чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коомдук ишмер Куттубек Абдуллаев билдирди. "Наристелердин энеси Орусиядан айдын аягында келерин айтып, аларды таштап кетүүгө көп себептер болгонун маалымдады",- дейт Абдуллаев.
Айта кетсек, 4 жашар Рамазан жана 3 жашар Каныкей учурда Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган.