Ош облусунда Кырсыктардын коркунучун азайтуунун эл аралык күнүнө карата машыгуу өттү (фото)

Ош облусунда Кырсыктардын коркунучун азайтуунун эл аралык күнүнө карата машыгуу өттү. Муну бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 13-октябрь күнү ӨКМнын Республикалык куткаруучулар отрядынын бөлүмүнүн окуу борборунда өткөрүлдү.
Машыгуунун башкы максаты Ош облусунун Жарандык коргоо башкармалыгынын органдары менен жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын альянсынын жер титирөө маалындагы иш-аракеттерин жөнгө салуу болуп эсептелет.   

Ошондой эле аталган иш-чара алардын даярдык деңгээлин жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдын масштабын жана жабыркагандардын керектөөсүн баалоого, адамдардын өлүмүн болтурбоого, материалдык жана техникалык ресурстарды эффективдүү пайдаланууга үйрөнүү жана башкаларга багытталган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан