Бишкектеги террордук операцияда кыйраган үйлөр кайра курулуп, бүгүн ачкычтары тапшырылды (фоторепортаж)

Бишкектеги террордук операцияда кыйраган 5 үйдүн экөөсү кайрадан курулуп, бүгүн, 14-октябрда ачкычтары үй ээлеринин колуна тапшырылды. Ачкычтарды вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев тапшырды. 
"Президент Алмазбек Атамбаев башында туруп бул үйлөрдү бүткөрүүнү көзөмөлгө алды. Өкмөт белгиленген убакытта жакшы, сапаттуу кылып бүткөрүп берди. Кандайдыр бир кемчиликтер болуп жаткан болсо, үй ээлери өкмөткө кайрылып, жардам ала алышат",- деди Маматалиев. 
Андан кийин Маматалиев үй ээлери менен биргеликте жаңыдан салынган үйлөрдүн ичин көрүп чыкты. Сметалык баасы 2 миллион сомдон болгон бул эки үйдүн аянты кыйроого чейин 70-80 чарчы метрден болсо, учурда аянты 120 чарчы метрге чоңойтулуп салынган. 10дой куруучу курулуш иштерин июль айынын соңунда баштап, октябрь айынын башында бүткөрүүгө жетишти. 
Ал эми Темиров көчөсүндөгү №12 жана №13-үй комиссиянын жыйынтыгына ылайык, оңдоодон өттү. Биринин үй ичи толугу менен оңдолсо, экинчисинин жарака кеткен гана бөлүктөрү оңдолгон. Бул үйлөрдүн жанындагы согушкерлер баш калкалаган үй азырынча эч кандай оңдоло элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул үй комиссиянын жыйынтыгы чыккандан соң гана оңдолот. 
Үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президенттин фондунан 5 миллион сом бөлүп берген.  
Операция 16-июль күнү жүргүзүлүп, 7 согушкер жок кылынса, дагы 7 согушкер колго түшкөн. 
Террордук топту жок кылуу учурунда үйсүз калгандар жаңы үйлүү болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AFFANCULO
2015-10-14 11:26:57
Жакшы кут болсун
+1
aikol87
2015-10-14 11:30:35
Уйду тузугураак эле тартып жуктогулочу.Эмне себептен талкаланган бир уй салынбады ошону да билип бергиле сураныч.
0
admin_portal
2015-10-14 12:53:56
aikol87, саламатсызбы!
Сүрөттөр толукталууда. Ал эми сурооңузга жооп алып бергенге аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан