Бүгүн, 15-октябрда өлкөдө Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнү белгиленүүдө. Уюштуруучулардын айтымдарында, аталган майрам дүйнө боюнча 100гө жакын мамлекетте жана 200 миллион адам арасында белгиленип келет.
"Бул күнү мектеп курагындагы балдарды гигиенаны сактоого, колду таза жууп тамак ичүүгө чакыруу боюнча ар кандай иш-чаралар уюштурулат. Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнү кыргыз жергесиндеги 90 мектепте майрамдалууда. Анын алкагында ачык сабактар өтүлүп жатат. Ал эми өлкөдөгү 50 мектеп ЮНИСЕФтин атайын программасына кирип, бул окуу жайларда сууга жана гигиенага байланыштуу ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Буга аталган эл аралык уюм 400 миң АКШ доллар көлөмүндөгү акча каражатын бөлгөн",- дешет уюштуруучулар.