Ички иштер министрлиги "Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер
Аида Исмаилованын атынан мандаттан баш тартуу тууралуу жасалма арыз боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан 19-октябрда билдиришти.
Маалым болгондой, Исмаилова 17-октябрда ИИМге кайрылып, 15-октябрь күнү анын макулдугусуз эле партиянын жооптуу кызматкерлери аны мандаттан четтетүү үчүн жасалма арыз жазышканын, ошондой эле арызга анын атынан жасалма кол коюшканын билдирген.
18-октябрда материалдар каралып чыгып, арыздын негизинде ИИМдин Тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.