Ырчы Аваз Акимов “Жаным” аттуу ырына клип тарттырды. Аваз менен Айпери Сарыбаева аткарган бул ырдын сөзү ырчынын өзүнө, обону Нурлан Насипке таандык. Жаш режиссёр Эламан Акбаев тарткан клипте Кутман Куштарбеков жана Айсулуу Темирбекова аттуу студенттер образ жаратышкан. “Клип көп убакытта тартылып бүттү. Былтыр тартып бүткөн кадрларды жоготуп алган болчубуз. Ошондуктан кайрадан тартууга туура келди”,- дейт ырчы.