“28-февраль күнү “Салам, Нью-Йорк!” тасмасы белгисиз бирөөлөр тарабынан жашыруун тартылып алынып, интернет булактарына жайгаштырылган”,- дейт тасманын режиссёру Руслан Акун. Анын айтымында, ал сайттардын ээлери менен сүйлөшүп, анонимдүү колдонуучу жүктөгөн аталган тасманын видеосу өчүрүлгөн. Бирок тасманы көчүрүп алгандар пираттык жол менен дисктерге көчүрүп сатыкка чыгара башташкан. Тасма ээси мындай дейт: “Пираттар менин бир жарым жылдык эмгегимди уурдап алышты. Буга чейин деле канчалаган тасмалар пираттардын курмандыгы болгон. Тасманын ээси катары пираттарга административдик гана чара көрүп койбостон, кылмыш ишин козгоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылам”. Айта кетсек, учурда сатуучулардан кайтарылып алынган дисктер экспертизадан өткөрүлүүдө.