"Балам менен жолукканымда, ал "Мени өлтүрчү, ата!" деп суранган",- деди бүгүн, 28-октябрда маалымат жыйынында №50-СИЗОдон качып, 10 күндөн кийин тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун атасы Алимжан Абдрахманов.
"Эдилди талаадан кошуна бала көрүп калып, мага айткан болчу. Аны менен чогуу балама барганбыз. Чөнтөгүндө оюнчук тапанча болгон. Муну Эдил "мени милиция кызматкерлери өлтүрсүн деп бул тапанчаны алдым" деп түшүндүрдү. Ал бир да милиция кызматкерин өлтүрбөгөнүн айткан. Андан соң балам "Ата, мени өлтүрчү! Мени кармашса, кыйнашат, тепкилешет" деген. Мен кантип баламды өлтүрөм? Тирүү карматып берейин дедим. Милицияга өзүм маалымат бергем. 100гө чукул милиция кызматкери келген. Баламдын аркасынан кубалашканда, "Атпагыла!" десем да, бутуна ок чыгарышкан. Андан соң жанына келип, бетине тебишкен",- деди Алимжан Абдрахманов.
Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кеткен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган.
22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан.
Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан.
Ал эми колониядан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда абакта.