9-март күнү Бишкек шаарындагы Улуттук консерваторияда япон элинин Кыргызстандагы маданият жумалыгынын алкагында италиялык опера композитору Жакомо Пуччининин "Чио-Чио-Сан" аттуу опералык спектакли коюлат. Маалым болгондой, спектаклде япониялык балерина Акико Хаякава, дирижёр Коичи Иноуэнин коштоосу менен роль жаратмакчы. Айта кетсек, бул иш-чара Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда.