9-мартта саат 10:00дө Бишкектеги "Хаятт" мейманканасында “Чет өлкөдө билим алуу - EXPO, 2013” аттуу 5- Эл аралык жарманке өтөт. Мында АКШ, Улуу Британия, Малайзия, Түркия, Түндүк Кипр, Чехия, Кытай, Австралия жана башка мамлекеттердин 15тен ашуун университети тууралуу тааныштыруу болмокчу. Иш-чаранын катышуучулары чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын билим деңгээли тууралуу маалымат аларын уюштуруучулар билдиришти. Айта кетсек, жарманке 10-март күнү соңуна чыгат.