Бишкекте Япония тасмаларынын фестивалы өтөт

10-13-март күндөрү Япониянын Кыргызстандагы маданият жумалыгынын алкагында Бишкектеги кинотеатрлардын биринде аталган өлкөнүн тасмаларынын фестивалы өтөт. Маалым болгондой, Япониянын тасмалары орусча субтитрлери (тасмадагы сөздөрдүн экрандын төмөн жагынан которулуп көрсөтүлүшү) менен коюлмакчы.  Айта кетсек, бул маданий иш-чара Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда. Ал эми фестивалга "Dora Heita", "Happy Flight", "Chibi Maruko-chan" сыяктуу бир нече тасма катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан