* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы кыргыздын алгачкы интеллигенттери, ошол кездеги партиялык жана башка кызматтардын жетекчилери улутчул, панисламчыл, совет өкмөтүнүн душмандары катары айыпталып, атылып кетишкен. Алардын сөөгү Бишкектин өйдө жагындагы Чоң-Таш айылына жакын жердеги бир чуңкурга чогуу көмүлгөн.
1991-жылы жалпысынан 19 улуттун өкүлүнөн турган 138 адамдын сөөгү табылып, "Ата-Бейит" комплексинде жерге берилген. Алардын арасында Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков өңдүү кыргыздын каймактары болгон. Кыргыздын туңгуч интеллигенциясынын өкүлдөрү өлкөнүн мамлекет болуп түптөлүшүнө, илим-билимдин, маданияттын өнүгүшүнө, экономиканын жогорулашына жана кыргыз элинин социалдык жашоо-турмушунун калыптанышына зор салым кошушкан. Буга байланыштуу 8-ноябрь Кыргызстанда Репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары кабыл алынган.
* Мындан 120 жыл мурун, 1895-жылы немис физиги Вильгелм Рентген электр тогу менен эксперимент жүргүзүп, кийинчерээк өзүнүн аты менен аталып калган рентген нурларын ачкан. Бул күнү Рентген өзүнүн изилдөөсүн жеңилдетүү үчүн бөлмөнү караңгылатып туруп Крукс түтүкчөсүн кара барак менен бекем ороп салган. Ошондо ал экрандан анча алыс эмес жерде цианоплатин барийи менен капталган жарыктын таасири менен өзүнөн жарык чыккан сызыкчаларды көргөн. Ошондон кийин ал өзүнүн изилдөөсүн жети жума бою токтоосуз жүргүзүп, акырында разряддык түтүкчө менен экрандын ортосунда өтө чоң эмес коргошун дискти кармап турганда икс-нурунан Рентгендин колунун манжаларынын сөөктөрү экрандан көрүнүп калган. Ошентип, Рентген дүйнөдө биринчи болуп рентгенди ойлоп тапкан.
Анын икс-нурун окумуштуулар рентген нурлары деп атап калышкан. Рентген өзүнүн изилдөөсүн тастыктоо үчүн аялынын манжаларын рентгенден өткөрүп, даана-так түшүп калган колдорунун фотосүрөттөрүн таркаткан. Анын изилдөөсү тууралуу биринчи жолу 1895-жылы жергиликтүү илимий журналга жарыяланып, ал илимий чөйрөгө жана коомчулукка чоң кызыкчылык туудурган жана анын изилдөөсүн илимпоздор дароо эле тастыкташкан.
* Мындан 80 жыл мурун, 1935-жылы француз актёру Ален Делон Парижде туулган.
Ален Делон 1957-жылы "Когда вмешивается женщина" тасмасында роль жаратып, актёрлук карьерасын баштаган. Ага "На ярком солнце" (1960), "Рокко и его братья" (1961), "Леопард" (1963) кинолорундагы ролдору атактуулук алып келген. "Леопард" тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлсө, "Наша история" фильминдеги ролу үчүн "Сезар" сыйлыгына ээ болгон.
* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы көп командалар менен ийгилик жаратып кеңири таанылган голландиялык футбол машыктыруучусу Гус Хиддинк Нидерландынын Варссевелд шаарында туулган.
Гус 12 жашында жергиликтүү клуб "Варссевелддин" футболдук академиясына окууга кирген. 21 жашында голландиялык “Де Графсхап” клубу менен профессионалдык келишимге кол коёт. Ошентип, чоң футболго жол ачылганда ал ПСВ, НЕК жана Американын “Вашингтон Дипломатс”, “Сан-Хосе Эртквейкс” клубдарында ойногон.
1979-жылы Дене тарбия институтун аяктап, мектепте сабак бере баштаган. Хиддинк 1981-жылы алгачкы клубу “Де Графсхапка” кайтат да, ойноочу-машыктыруучу (бир эле учурда машыктыруучунун да, оюнчунун да ролун аткарат) болуп калган. Көп өтпөй ПСВнын машыктыруучулар кеңешине кирип, 1987-жылы клубга башкы машыктыруучунун ордуна дайындалган. Алгачкы сезонунда эле Чемпиондор Лигасын жана өлкө чемпиондугун утуп, өзүнүн мыктылыгын көргөзө алган Гус кийин Түркиянын “Фенербахче”, Испаниянын “Валенсия”, “Реал”, “Бетис” сыяктуу клубдарында ийгиликтүү иш алып барган.
8-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.